7-апрель көчөсүндө Л.Толстой көчөсүнүн алдынан өтүүчү көпүрөгө чейинки бийиктикти чектегич оңдолуп жатат.

Мурда темирден  жасалган чектегичте майда жаракалар пайда боло баштаган.
Бүгүнкү күндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан ширетүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, өтмөктүн эки тарабында оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. 6 тонналык чектегичти оңдоого 5 кызматкер жана ишкананын 3 атайын техникасы тартылды.