Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кирени накталай эмес төлөө системасы иштейт.

Коомдук транспортто жол кире акысы:
- троллейбуста – 17 сом;
- автобуста – 17 сом;
- кичи автобустарда – 20 сом;
- валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кирени накталай төлөөдө-20 сом.

Белгилей кетсек, борбор калаада мобилдик тиркемелерди колдонгон шаардыктар үчүн акция уланууда.

Алсак, "BakAi" банктын мобилдик тиркемесинин жардамы менен жол кире 8,5 сомду түзөт. Ал үчүн автобустардын жана троллейбустардын сыртына жана ичине чапталган Тулпар QR-кодун сканерлөө керек.

Белгилей кетсек, бул акция 2024-жылдын 31-июлуна чейин уланат.