Бишкек шаарында жолдорду тазалоочу жана жууп-тазалоочу жаңы атайын техникалар көрсөтүлдү.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев орун басары  Рамиз Алиев менен биргеликте тесттик режимде атайын техниканын иштешин текшерди.

Алгач Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун бордюр бөлүгүн жууп жатканын көрсөтүштү.

Андан кийин Ахунбаев көчөсүндөгү  жол сызыктарын, анын ичинде жолдун ортоңку бөлүгүн жууп көрүштү.

Бул тазалоочу машина көчөлөрдү тазалоого жана жолдорду жана тротуарларды таза кармоого арналган атайын унаа.

Ал ар кандай таштандылар, чаң, кир жана башка булгоочу заттар менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берген жууп жана шыпыруу функцияларына ээ.

Кошумчалай кетсек, атайын унаалар жолдун бордюрларын тазалоого катышкан «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздайт.

Бүгүнкү күндө бул атайын техниканын 4 даанасы сатылып алынды. Жакынкы 2-3 айдын ичинде Бишкек шаарынын  мэриясы тарабынан бөлүнгөн каражатка 100дөн ашык атайын техника сатып алуу пландалууда.