Улуу Жеңиштин 79 жылдыгын майрамдоого карата борбордун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Ага ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, бүгүн түнкү саат 00:00дө жолдордун төмөнкү тилкелери жабылат:
- Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин
- Шопокова көчөсү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин;
- Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин.

Жол кыймылы аталган иш-чара аяктаганга чейин жабылат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдү бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.