Бишкек шаарынын мэриясынын токтому

Бишкек шаары, 2016-жылдын 6-июлу № 84

Бишкек шаарынын мэриясынын айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Бишкек шаарынын мэриясынын иш-аракетин оптималдаштыруу максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 20-январындагы № 7 "Бишкек шаарынын мэриясынын Регламентин бекитүү жөнүндө" Регламентине төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

- 66-1-пункту төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын:

"66-1. Макулдашууга келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жетектөөчү багыттар боюнча вице-мэрлерге, аппарат жетекчисине, ошондой эле юридикалык бөлүмгө кароого жөнөтүлөт.";

- 68-1-пункт төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын:

"68-1. Мэриянын макулдашууга келип түшкөн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору боюнча жооп долбоорлоруна жетектөөчү багыттар боюнча вице-мэрлер, аппарат жетекчиси, юридикалык жана жетектөөчү бөлүмдөрдүн башчылары тарабынан кол коюлат.";

- 99-1-пункт төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын:

"99-1. Бишкек шаарынын мэриясынын аппараты тарабынан түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдер уюштуруу бөлүмүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис жана юридикалык бөлүмдүн адиси тарабынан кол коюлуп, бухгалтерияда каттоого алынат жана сакталат.";

- 100-пункттун 1 кичи пункту "- вице-мэрлер" сөзүнөн кийин "аппарат жетекчиси" сөзү менен толукталсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 141 "Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын бөлүмдөр жөнүндө жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- VI главанын 13-пункту алып салынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо аппарат жетекчиси М.Т.Джунушалиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэри

 

А.Ибраимов