БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 10-августу № 95

Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставына ылайык, билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө, мыйзамдуулукту камсыздоо, укук тартибин бекемдөө, социалдык-экономикалык, маданий, илимий иш-аракеттерде шаардын ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын, айрым жарандардын сиңирген эмгектерин баалоо жана урматтоо менен, ошондой эле кесиптик майрамдарды, унутулгус жана юбилейлик даталарды майрамдоого байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктарын берүүнү тартипке келтирүү максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкү түрдөгү Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктары уюмдаштырылсын:

- Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты;

- Бишкек шаарынын мэриясынын алтын төш белгиси;

- Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси;

- Баалуу сыйлык - Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааты (эркектер, аялдар үчүн).

2. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- "Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктары жөнүндө" жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- сыйлык баракчасынын формасы 2-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарынын мэриясынын алтын төш белгисинин жана күмүш төш белгисинин сүрөттөлүшү 3-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык катынын формасы 4-тиркемеге ылайык.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэри

 

А.Ибраимов

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 10-августундагы
№ 95 токтомуна
2-тиркеме

СЫЙЛЫК БАРАГЫ

1. Сыйлыкка көрсөтүлгөндүн фамилиясы, аты, атасынын аты:

____________________________________________________________________________

2. Иштеген жери, кызматы, кызмат орду (аталышын так көрсөтүү):

____________________________________________________________________________

3. Туулган жылы: ____________________________________________________________

4. Улуту: ____________________________________________________________________

5. Билими (эмнени, каерде жана качан аяктаган): _________________________________

____________________________________________________________________________

6. Илимий даражасы, илимий наамы, атайын наамы, класстык чини:

____________________________________________________________________________

7. Жалпы эмгек стажы: _____________________________ жыл, анын ичинде:

7.1. Муниципалдык кызматтагы стажы: ___________________________ жыл;

7.2. Бул жамаатта иш стажы ____________________________________ жыл;

7.3. Бул кызмат ордунда _______________________________________ жыл.

8. Мамлекеттик жана башка сыйлыктары:

____________________________________________________________________________

____________________________________________________________________________

(сыйлыктын аталышы, сыйланган датасы)

9. _____________________________________________________ сыйлыгына көрсөтүлөт.

(сыйлыктын түрү)

10. Сыйлык жөнүндө чечим кабыл алды: ________________________________________

____________________________________________________________________________

(өтүнүч кат берген органдын аталышы)

20___-жылдын "____" _________________ № ________________ протоколу

 

"Макулдашылды"

 

Мэр

______________________________

 

 

(кол тамгасы)

 

 

20___-жылдын "____" _________________

 

М.О.

 

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

 

Р.Айтымбетов

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 10-августундагы
№ 95 токтомуна
3-тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын Алтын төш белгисинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын Күмүш төш белгисинин сүрөттөлүшү

1. Бишкек шаарынын мэриясынын Алтын төш белгиси Бишкек шаарынын герби түрүндө, туурасы 15 мм жана бийиктиги 25 мм түз бурчтуу формада, бурама бекиткичте, калыптап жасоо ыкмасы менен аткарылат. Белгинин номери бар, ал экинчи бетинде көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын Алтын төш белгиси 585-сынамдагы алтындан жасалат. Белгинин салмагы 4,72 гр.

Жасалма териден жасалган белек кутучада айнек же бархат астына салынат.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Күмүш төш белгиси Бишкек шаарынын герби түрүндө, туурасы 15 мм жана бийиктиги 25 мм түз бурчтуу формада, бурама бекиткичте, калыптап жасоо ыкмасы менен аткарылат.

Белгинин номери бар, ал экинчи бетинде көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын Күмүш төш белгиси 925-сынамдагы күмүштөн жасалат. Белгинин салмагы 5 гр.

Жасалма териден жасалган белек кутучада айнек же бархат астына салынат.

Сүрөт

 

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

 

Р.Айтымбетов

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 10-августундагы
№ 95 токтомуна
4-тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын Ыраазычылык катынын үлгүсү

ЫРААЗЫЧЫЛЫК
КАТЫ

"Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнү" майрамынын урматына, ошондой эле ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын мониторинг, талдоо жана болжоо бөлүмүнүн мониторинг секторунун башчысы

 

ЗАЙНИДИН ДЖАШАРБЕКОВИЧ AMАНИДИНОВГО

ыраазычылык жарыяланат

БЛАГОДАРСТВЕННОЕ
ПИСЬМО

В честь празднования "Дня налогового работника Кыргызской Республики", а также за добросовестный и плодотворный труд объявляется благодарность

 

АМАНИДИНОВУ ЗАЙНИДИНУ ДЖАШАРБЕКОВИЧУ

заведующему сектором мониторинга отдела мониторинга, анализа и прогноза Управления государственной налоговой службы по Первомайскому району города Бишкек

 

Бишкек шаарынын Мэри

Мэр города Бишкек

 

А.Ибраимов

 

 

 

 

Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

 

Р.Айтымбетов