БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН БУЙРУГУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 30-сентябры № 288-б

"Мектеп лигасы" шаардык спорттук программасы жөнүндө

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин иш-аракетин талдап чыгуу боюнча ведомство аралык комиссиянын маалым катынын негизинде, дене тарбия жана спортту жайылтуу, окуучуларды сергек жашоо мүнөзүнө үйрөтүү максатында,

1. "Мектеп лигасы" шаардык спорттук программасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы (Мейрманова С.Ж.):

- "Мектеп лигасы" программасы боюнча мелдештерде Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мектептеринин катышуусун камсыздасын;

- "Мектеп лигасы" программасы боюнча мелдешти өткөрүү үчүн спорт залдарды жана объекттерди берсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондорунун башчылары (Тынаев Н.Р., Курманбеков Н.К., Алиев А.Т., Болотбеков С.Б.) "Мектеп лигасы" программасы боюнча мелдештин I тандоо этабынын каржыланышын камсыздашсын.

4. Бишкек шаардык каржы башкармалыгы (Аденов И.Б.) Бишкек шаарынын "Мектеп лигасы" программасы боюнча мелдеш өткөрүүгө чыгымдарды каржылоону Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын 2016-жылга карата чыгымдар сметасынын чегинде камсыздасын.

5. Дене тарбия жана спорт башкармалыгы (Мааткабылов Ы.Ш.) "Мектеп лигасы" спорттук программасын уюштуруу, даярдоо жана өткөрүү боюнча жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырсын.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо вице-мэр А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэри

 

А.Ибраимов