Бишкек шаарындагы муниципалдык жерлерди жана имараттарды өзүм билемдик менен ээлеп алынган жерлерди аныктоо үчүн атайын уюштурулган рейдте Чүй проспектиси 30/2де жайгашкан "Асия “ кафеси 70 чарчы жерди мыйзамсыз тосуп алган. Башкармалык тарабынан МИ «Тазалык» менен биргелекте бузуу иштери жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар Бишкек аймагында объекттерди мыйзамсыз курууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам штабтын алкагында ишке ашырылат.
Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу жол бербөө боюнча ыкчам штаб 2017-жылдан баштап иш алып барат.
Мындан ары дагы алдыда дайыма архитектура жана шаар куруу талаптарын сактабай, курулуш курууга уруксат кагазын албастан жүргүзгөн мыйзамсыз объектерди буздуруу чараларын көрөбүз.