Форумда бүгүнкү күндөгү шаардык коомдук коопсуздугу, балдарга болгон зордук-зомбулук жана коомдук тартип талкууланды.

Шаардагы коомдук коопсуздукту сактоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы ИИМ, ШИИБ менен биргеликте иш алып барып, бардык көйгөйлөрдү бирге чечип жаткандыгын баса белгиледи шаар башчысы. “Биз ШИИБ менен биргеликте иш алып баруу менен техникалык жактан коопсуздукту сактоо боюнча иш алып барып жатабыз. Азыркы учурда шаарды жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Шаарыбыз жарык болсо коомдун коопсуздугу сакталат. Ошондой эле коопсуздукту сактаган Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирем”,-деди мэр Кубанычбек Кулматов.

Аталган форумга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкек шаардык ИИБнын кызматкерлери, райондук администрациялардынжана Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын башчылары, мугалимдер, жарандык активистер катышты.