Аталган жыйында  балдарга карата зордук зомбулуктун күчөшү, анын алдын-алуу жана ага каршы туруунун жолдору талкууланды,   ошондой эле,  Бишкек мэриясы шаардын райондору менен биргеликте балдарды коргоо боюнча иш планын кабыл алды.

Иш планда жашы жете элек өспүрүмдөргө,  кордук көргөн  балдардын абалы, балдардын көйгөйлөрү,  балдарга карата зордук-зомбулукка каршы  иш алып баруу каралган.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, шаардын райондорунун социалдык маселелер боюнча акимдеринин орун басарлары, Бишкек шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, Биринчи май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери, Билим берүү башкармалыгы, Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери катышты.