БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 5-сентябры № 124

"Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык наабайканасы" муниципалдык ишканасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык наабайканасы" муниципалдык ишканасынын Уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык наабайканасы" муниципалдык ишканасынын түзүмү жана штаттык саны 2, 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

3. "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык наабайканасы" муниципалдык ишканасы бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте юстиция органында муниципалдык ишкананы кайра каттоодон өткөрсүн.

4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо документтери үчүн көрсөтүлгөн маалыматтар анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы тастыкталат.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 30-мартындагы № 43 "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык наабайканасы" муниципалдык ишканасынын иш-аракетин оптимизациялоо жөнүндө", 2015-жылдын 23-июнундагы № 113 "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык наабайканасы" муниципалдык ишканасынын маселелери жөнүндө" токтомдор күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Э.З.Зарлыковго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэри

 

А.Ибраимов

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын
2016-жылдын 5-сентябрындагы
№ 124 токтомуна
2-тиркеме

"Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык наабайканасы" муниципалдык ишканасынын 2016-жылга карата
TY3YMY

Бардыгы 51 бирдик.

 

Биринчи вице-мэр

 

Э.Зарлыков

 

Директор

 

Ж.Турдалиев

 

Башкы бухгалтер

 

З.Ногойбаева