Свердлов районунун аймагында Ч.Айтматов атындагы "Сапат" лицейинде предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи  өттү.

Свердлов районунун башчысы Алтынбек Кутманов жеңүүчүлөргө, ошондой эле мектеп окуучуларын даярдоодо салым кошкон мугалимдерге грамота жана баалуу белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, райондук олимпиадада 65 окуучу байгелүү орундарга ээ болгон:
20 окуучу – 1 орун;
22 окуучу – 2 орун;
23 окуучу-3 орун.