Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучусу Сыймык Узеев таэквондо боюнча эл аралык чемпионатта коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, мелдеш 17-21-апрель күндөрү Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн. Аларга 4 өлкөдөн 1200 спортчу катышкан.