2024-жылдын 20-апрелде Бишкек шаарында жаш мугалимдер үчүн форум өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Жапаров, билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, "Түркия Маариф" фондунун директору Ахмет Түркбен, Республикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин доценти Алмазбек Токтомамбетов, И. Арабаев атындагы КМУнун прфессору, педагогика илимдеринин кандидаты Миргуль Эсенгулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилканов, Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору Уланбек Мамбетакунов жана борбор калаанын мектептеринин мугалимдери катышты.

Иш-чара жаш мугалимдер туш болгон конкреттүү көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларды чечүү максатында уюштурулган.

Форумдун жүрүшүндө билим берүүдөгү негизги тенденциялар, окутуунун ыкмасы жана инновациялары, долбоордук иштер талкууланды.

Белгилей кетсек, педагог беш жылдык стажга ээ болгонго чейин жаш кадр болуп эсептелет. Борбор калаанын муниципалдык мектептеринде 1301 жаш мугалим эмгектенет.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти "Кыргызстан Маариф" коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.