Ленин районундагы №8 орто мектептин базасында жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында аскердик-патриоттук ырларды мыкты аткаруу боюнча «Жоокер ыры» кароо-сынагы өттү.

Сынак үч номинация боюнча өттү:
- «Согуш жылдарындагы ырлар»;
- «Патриоттук ырлар»;
- «Көркөм окуу».

Белгилей кетсек, сынакка жалпысынан 41 окуучу катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча «Согуш жылдарындагы ырлар» номинациясында жеңүүчүлөр:
1-орун – Сакабаев Акылбек (№72 МГ);
2-орун – Сакинбаева Амина (№79 МГ);
2-орун – Фатима Туратбекова (№82 МГ).

«Патриоттук ырлар» номинациясында:
1-орун – Мирланов Тынчтыкбек (№77 жалпы орто билим берүү мектеби);
2-орун – Кожомбердиев Баястан (№79 жалпы орто билим берүү мектеби);
3-орун – Раззаков Даниэль МГ (№74 жалпы орто билим берүү мектеби);
3-орун – Имашов Умар (№82 жалпы орто билим берүү мектеби).

«Көркөм окуу» номинациясы боюнча:
1-орун – Сыртбаев Калмырза (№68 МГ);
2-орун – Жокинова Даткайым (№97 жалпы орто билим берүү мектеби);
3-орун – Насыпбекова Бермет (№79 жалпы орто билим берүү мектеби).

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.