Октябрь районундагы №100 мектепте Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 146 жылдыгына карата Чернобыль АЭСиндеги жарылуунун кесепетин жоюуга катышкандар арасында волейбол жана эстафета боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке тажик-ооган окуяларынын ардагерлери, Баткен окуясынын ардагерлери, «СССРдин деңиз флотунун моряктар биримдиги» коомдук уюмунун Аскер-деңиз флотунун ардагерлери жана Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын  кесепеттерин жоюуга катышкандар күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Баткен окуясынын ардагерлери;
2-орун — «СССР Аскер-Дециз Флотунун моряктарынын биримдиги» коомдук уюмунун ветерандары;
3-орун – тажик-ооган окуяларынын ардагерлери.

Эстафета боюнча:
1-орун — «СССР Аскер-Дециз Флотунун моряктарынын биримдиги» коомдук уюмунун ардагерлери;
2-орун – Баткен окуясынын ардагерлери;
3-орун – тажик-ооган окуяларынын ардагерлери.

Жеңүүчүлөргө Октябрь районунун өткөөл кубогу тапшырылды. Ошондой эле командалар медалдар жана акчалай сертификаттар менен сыйланды.