«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 150 мм болгон шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин пландоодо.

Аталган иштердин алкагында 2024-жылдын 10-майында саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы чектелген көчөлөр:
- Киев – Абдрахманов – Шопоков – Фрунзе.

Урматтуу жарандар! “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.