7-майда Муниципалдык инспекциянын Ленин району боюнча инспекторлору Л.Толстой, Д.Садырбаев жана Токтогул көчөлөрүндө рейд жүргүзүштү.

Рейддин жүрүшүндө 60 дан ашык чарба субьекти текшерилди. Көрктөндүрүүнүн эрежесин бузгандарга карата 29 протокол жазылып, 308 000 сомго айып пул салынды.

Көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 114,115-беренелерин бузушкан.

Ошондой эле чарба субьектилердин ээлерине жана ижарачыларына
жанаша  аймагын таза кармоо, тышкы көрүнүшүнүн көркөм-эстетикалык абалын жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазма буйруктар берилди.

Бишкек шаарындагы чарба субьек иштеткендерге кайрылабыз. Урматтуу ишкерлер, көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык, шаарды таза кармаңыздар! Таштандыларды урнага алып барып таштаңыздар. Эрежени сактабагандарга чара көрүлөрүн эскертебиз.