КР Бюджеттик кодексине ылайык 30-январда 2019-жылга Ленин районунун бюджетинин долбоорун коомдук талкуулоо жана Бишкек шаарынын бюджетинин 2020-2021-жылдарга божомолу боюнча жыйын болду.

Бюджеттик угуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун төрагалыгы астында өттү.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаевдин белгилешинче, бул жылы борбордун бюджетинин киреше бөлүгү 8 млрд. 430 млн. сомду түзүү болжолдонууда.

Планда турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүн каржылоо көбөйдү, ошондой эле 32 млн чейин резервдик фонд кыскартууга пландаштырылууда. Чыгымдардын көп  үлүшү билим берүү системасына жумшалат, 3,5 млрд. сом.

Талкуунун алдында чогулгандарга Ленин райондук администрациянын башчысы райондун бюджетинин 2019-жылга болжолу тууралуу кыскача айтып берди.

Жалпы шаардык угуу "суроо-жооп" форматында өткөрүлдү, шаардыктар сырткы жарыктандыруу боюнча, жолдорду оңдоо, канализация жана суу менен камсыздоо, санитардык тазалоо маселелерин көтөрүштү,  аларга компетенттүү кызматтар жоопторду беришти.

Ошондой эле, жалпы шаардык угууга Ленин районунун жашоочулары, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, шаардык кеңештин депутаттары, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев, вице-мэрлер Асель Куламбаева, Максим Ситников, Рыспек Сарпашов жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышышты.

Бишкек –сүйүктүү шаарым!