“Бишкекжашылдандыруу” ишканасы баш калаабызда ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштерин улантууда.

Бишкек шаарынын эл көп баскан жери болгон Манас проспектинин Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 20 түп крым карагайы отургузулду.

Жаш көчөттөр жабык тамыр системасы, башкача айтканда, тамырындагы топурагы менен отуругузлат. Мындай жол менен отругузулган көчөттөр аларды ташыганда “кыйналбайт”, оорубайт жана жаңы жерде жакшы тамыр байлайт.

Ийне жалбырактуу  көчөттөрдү отургузуу иштер фейраль айынынын аяган чейин уланат.

Быйыл 10 миң 428 түп дарак –бадалдын көчөтүн отургузуу пландаштырылууда. Алардын 7906 даанасы бак-дарак, жазы жалбырактуулардан 5084 даана, ийне жалбырактуу көчөттөрдөн 2822 түп, 2522 түп бадал, ошондой эле: 137750 даана майда бадал жана 2 миллион 200миң түп бир жылдык гүлдөр.

Ардактуу шаардыктар, сын-пикир, каалоо, сунуштар үчүн «Bishkek 312» мобилдик тиркемеси сиздиердин кызматыңыздарда. Бул тиркемени PlayMarket жана AppStore аркылуу жүктөп алууга болот. Тиркемени активдештирүү үчүн аты-жөнүңүздү жана телефон номуруңузду көрсөтүп, тигил же бул группага катталуу жетиштүү.

Мындан тышкары, каалоочулар Facebook социалдык тармагындагы мэриянын расмий аккаунтуна катталып, оперативдүү маалымат алуу менен бирге, көйгөйлүү суроолорду калтырууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле, мэрияынын иши тууралуу толук маалымат оперативдүү түрдө www.meria.kg расмий сайтында дареги боюнча чыгып турат.

Бишкек – сүйүктүү жашыл шаарым!