Жаздын келиши менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдун инфратүзүмүн жаңыландырууда.

Ч. Айтматов, Чуй, Жибек Жолу проспектилеринде жана Курманжан Датка, Павлов, Анкара, Махатма Ганди, Боталиев, Рыскулов, Шопоков кѳчѳлѳрүндѳ жол белгилери орнотулуп, жол бетине түшүрүлдү.

Жалпы жонунан 850,2 кв. метр жолго жол белгилери түшүрүлүп, 550 жол белгиси орнотулду. Жайландыруу иштери шаардын башка кѳчѳлѳрүндѳ да улантылат.

Ошондой эле, аталган кызмат, Жибек Жолу проспектинин Чымкент кѳчѳсүнѳн баштап, Ю. Фучик кѳчѳсүнѳ чейин оңдоо иштерин жүрүгүзүүдө.

Аталган жерде жолду алмаштыруу жана тротуарларды жаңыландыруу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын айлана-чѳйрѳсүндѳ эски жээкташтар алынып, арыктар орнотулду.

Ал эми, капиталдык курулуш башкармалыгы Абай кѳчѳсүнүн оңдоо иштерин улантып жатат. Эски жолдун бетиндеги асфальтты алып, жол боюндагы жээкташтарын бузуу иштери башталды.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!