Бишкек шаарынын мэриясы КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча кызматы менен бирдикте капиталдын шаардын сейил бактарындагы атркациондорду текшерип чыкты.

Текшерүүгө  "Шаардык парктар" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева, КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, шаардык мүлк башкармалыгынын өкүлдөрү жана "Бишкекбашкыархитектура" муиципалдык ишканасынын өкүлдөру катышты.

Текшерүү балдар үчүн жай мезгилинде эс алууга даярдык көрүү, ошондой эле Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата алдыдагы майрамдоого даярдык көрүү боюнча жүзөгө ашырылды.

Иш-чара  учурда 32 даана аттракцион иштеп жаткан Панфилов атындагы сейил багынын башталды.  Парктын башчысы Дмитрий Петровдун айтымында, 2 аттракцион 2005-жылы,  селкинчектердин 50%  2011-жылы, калган 50% 2010-жылы ишке киргизилген.   Мындан тышкары, парктын администрациясы сейил бактагы аттракциондорду текшерүү үчүн адистерди чакырып, кызматкерлерди аттракциондор менен иштөө боюнча окутуулар өтуп турганын белгиледи.  

Мамэкотехинспекциянын маалыматы боюнча сейил бакта коопсуздук боюнча бардык ичаралар өткөрүлүп турат.буга чейин өткөн текшерүүдө бир аз кемчиликтер катталып, бирок алар дароо эле ондолго. Ал эми аттракциондордун абалы  канааттандыраарлык деп бааланган.

Ал эми Асанбай сейил багында жагдай такыр башка. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эки аттракцион коопсуздук нормаларына дал келбейт. Алар жабылып, темирконструкциялары диагностика лабораториясына жөнөтүлгөн. Эгерде адистер терс корутунду берсе, анда ал аттракциондор жабылат. Жалпысынан бул жерде  22 аттракцион иштейт. Алардын бардыгы Орусия жана Кытайдан алынып келиптир.

Бишкек – сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!