"Бейтап-байланыш-борбору-саламаттык сактоо системасы" өз алдынча дартты аныктоо алгоритминин алкагында, КР саламаттык сактоо министрлигинин - 118 ыкчам байланыш кызматы ишин баштаганына туура бир жума болгонуна карабастан, байланыш борборунун жана мобилдик медициналык бригадалардын ишинин натыйжалуулугун көрүп жатабыз.

118 байланыш борборго 1 608 чалуу келип, жарандар түздөн-түз телефон аркылуу медициналык консультация алып, атайын иштелип чыккан анкетаны толтуруп беришти.

Тынчсызданууну жараткан шаардыктардын кайрылуулары боюнча клиницисттин, эпидемиологдун жана лаборанттын курамындагы мобилдик медициналык бригадалар үйлөрүнө барып, жеринде консультацияларды берип турушат. Мындай кайрылуулардан 129 чалуу катталган.

Байланыш кызматты колдоо максатында, “О!” уюлдук операторунун “Нуртелеком”  компаниясы тарабынан борборго беш жаңы смартфон берилди. Эми биздин догдурлар байланыш жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү менен кошо дайыма байланышта, эсиңиздерге сала кетсек, байланыш борбору кар жааган учурда жарым күн үзгултуккө учураган.

Биз өз алдынча COVID-19 дартын аныктоо алгоритмин колдогонуңуздар үчүн абдан ыраазыбыз. Рахмат сиздерге! Биз биргеликте пандемияны токтотобуз.

Урматтуу шаардыктар! Эскертебиз, 118 тез байланыш кызматы таңкы саат 8ден кечки саат 19га чейин иштейт. Өтүнөбүз, төмөнкү учурларда бизге чалыңыздар:

Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келген болсоңуз;
Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;
COVID19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;
Обсервация мекемелеринде же үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоңуз;
Симптомдорду байкасаңыз: жөтөл башталып, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо.

Адистер анемнез түзүп,анкета толтуруп жагдайга жараша, ал жерге врач, эпидемиолог жана лаборанттын курамында мобилдик медициналык бригада тез арада барып, үйүндө экспресс-скрининг жүргүзүшөт. Бардык кызматтар акысыз!


Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!