Борбордук мектептердеги бирикмелердин мыйзамсыз акча каражатын чогултуу иштери көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева менен биргеликте № 70, 61, 17-мектептерде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Ар бир мектеп тууралуу маалымат бул жерде:

Эртең менен билим алган биринчи класстын окуучуларынын коопсуздугун алды алуу менен, текшерүү иштери түшкү убакка пландалган.

Белгилей кетсек, көпчүлүк мектептерде фонддор түзүлүп, ата-энелердин арасынан төрага, бухгалтер жана кассирди шайлап алышат. Ар бир мектептин ата-энелери өз ыктыяры менен аталган фондко кошулуп, төлөмдөрдү банк аркылуу которушат. Каражаттарын ата-энелер өздөрү тескешет. Башкарма жылына бир жолу жалпы жыйында отчет берет.

Адатта мектептин директору ата-энелер комитетине тигил же бул техниканы сатып алууга, мугалимдерге, техниктерге жана башкаларга кошумча акы төлөп берүүгө өтүнүчү менен кайрылат. Ата-энелер фонду мектептин чакан муктаждыктарына каражат бөлөт.

Ар бир кызыкдар ата-эне тиешелүү маалыматты мектептерде орун алган маалымат такталарынан алса болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!