Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүү иштерин улантууда.

Тиричилик таштандыларын белгисиз жерлерге чыгаруу жана өрттөө боюнча  Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 71-беренесине ылайык,  "Кайыңды", "Ак-Өргө" конуштарынын жашоочулары А.Ыдырысова жана Б.Эшимбековго, шаар тургундары А.Келдибек у., У.Ахунжановага, А.Сүйүнбековго, А.Кагадияга, ошондой эле "Электросила" ишканасына протокол түзүлүп,  3 жана 4 категориядагы айып пул салынды.

Жыл башынан бери 71-берененин биринчи бөлүгү боюнча, жалпы 838 миң 500 сомго 96 протокол, экинчи бөлүгү боюнча 1 миллион 354 миң 500 сом суммасында 100 протокол түзүлгөн.

"Нурзаман", "Спец Строй Групп" компанияларына жана жолдош Б.Эшимбековго айып пул салынды. Шаарга болгон жаман мамилеси үчүн, тактап айтканда жолдорду жана көчөлөрдү булгагандыгы үчүн, 119-берененин 1-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 3-категориядагы айып пул салынды. Юридикалык жактарга -17 миң сом, шаардыктарга - 5 миң 500 сом.

Жалпысынан 191 миң сомго 18 учур катталган.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн, кеңсеңиздердин айланасын таза кармаңыздар, белгиленбеген жерге таштанды таштабаңыздар, көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар. Тартип жана тазалык – бул вирус менен күрөшүүнүн бир жолу.

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0 705 564756.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!