Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, кабатыр болбоңуздар. Борбор калаада электр энергиясынын убактылуу өчүрүлүшү муниципалдык кызматтардын ишине таасирин тийгизбейт.

Белгилей кетсек, ысык суу жана жылуулук Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүнө эки уюм: улуттук энергетикалык холдингдин туунду ишканасы  «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК жана шаардын батыш тарабын жылуулук менен камсыз кылган мэриянын түзүмдүк бөлүмү «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы камсыз кылат. «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы  Жал, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Министрлер Кеңешинин турак жай массивин жылуулук менен камсыз кылса,  калган райондорду, конуштарды  жылуулук менен "Бишкекжылуулуктүйүнү" ААК камсыз кылат.

Ишканада  66 буу казаны иштейт, анын 22си газ, 22си көмүр, 11и электр энергиясы жана 11и бириккен. Электр энергиясы өчүп калса, алардын ар биринде генераторлор бар.

Бишкектеги ЖЭБдин маалыматы боюнча, Бишкектеги ЖЭБде авария болгон жок. Жогорку чыңалуудагы тармактардагы тутумдук авариядан улам жабдуулар буу бөлүп чыгарды, себептери иликтенип жатат.

Электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн улам, насостук станциялар, ошондой эле шаардагы айрым суу алуучу жайлар убактылуу токтотулган. Учурда адистер суу алуучу курулмаларды жана насостук станцияларды туташтырып жатышат.

Урматтуу шаар тургундары! Жылуулук, муздак жана ысык суу, электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.