Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! №6 кичи районундагы №6 бала бакчасында капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады жана балдарды кабыл алууга даяр.

Жаңыланган мектепке чейинки билим берүү уюмун мугалимдер, шаардыктар, борбордун вице-мэрлери Айжан Чыныбаева, Азамат Сагындык уулу жана Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев ачышты.

Бала бакчанын аянты 1,573 чарчы метрди түзөт, анда балдар үчүн 140 орундуу 6 топ  каралган.

Бул жерде ички жана тышкы ремонт иштери жүргүзүлүп, инженердик тармактар: жылуулук трассалары, канализация, суу жана электр тармактары алмаштырылды. Ошондой эле, ашканага, кир жууганга шаймандар алынып келинип, эмеректер жана видео көзөмөл тутуму орнотулду, жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү иштери аяктады.

Имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен жүргүзүлдү, ишти "Байел-А-Курулуш" курулуш компаниясы аткарган.

Шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын буйругу менен Курманбаева Мээрим Дүйшөнбековна бала бакчанын директору болуп дайындалды.

Эске салсак, 2019-жылы муниципалдык жана жер менчик кызматынын кызматкерлери бала бакчанын имаратын шаардын карамагына кайтарып беришкен, буга чейин имараттын бир бөлүгүн ижаралык негизде Октябрь районунун социалдык фондунун филиалы ээлеп турган.