“Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде  борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун пресс-конференциясы өтүүдө.
Борбор калаанын мэри түтүн менен күрөшүү жана борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу боюнча пландар тууралуу айтып берди.
"22 муниципалдык көмүр от казандарын газга жана башка альтернативдүү жылуулук булактарына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Болжолдонгон сумма 220 млн сомду түзөт " - деп белгиледи мэр.
Ошондой эле коомдук транспорт жана такси үчүн атайын тилке түзүү пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жергиликтүү "Кара кече" көмүрүн жеке сектордо жылытуу үчүн пайдаланууга чектөө киргизүүнү сунуштоодо. Жергиликтүү көмүрдү "Кара-Кечеден" Бишкек шаарына алып келүүгө чектөөлөрдү киргизүү жана кийинки жылытуу мезгилинде бул көмүргө болгон баанын айырмасын керектөөчүлөргө ордун толтуруу боюнча эксперимент жүргүзүү маселесин кароо зарыл. Ошентип, түтүн көйгөйүн 20% - 40% га чече алабыз", - деп кошумчалады Э.Абдыкадыров.